Главные новости и объявления

"Өзгөчө кырдаалда аялдар жана балдарды зомбулуктан коргоо"

тарабынан

2024-жылдын 23-сетябрынан 24-сентябрына чейин Ош шаарында, 26-сентябрынан 27-сентябрына чейин Бишкек шаарында  КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан демилгеленген "Өзгөчө кырдаал шарттарында аялдарга жана балдарга карата зомбулук тобокелдиктерин азайтуу боюнча мыйзамдар, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана минималдуу стандарттар" темасында консультативдик кеңештин отуруму өтулдү.

            Консультативдик кеңештик отурумунда өзгөчө кырдаалдарда гендердик зомбулукту алдын алууда өз ара аракеттенүүнүн тартибине тийиштүү КРнын Жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарына, токтомдоруна, ченемдик-укуктук актыларына ылайык Жарандык коргонуу тутумуна кирген түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү, минималдуу стандарттар боюнча билимдер берилип, тажрыйба алмашуулар орун алды.

Ошондой эле минималдуу стандарттарды колдонуу менен  ар кандай топтордун керектөөлөрүн эске алуу ыкмаларын өстүрүү практикумдары уюштурулду. Жыйынтыгында бардык аталган түзүмдөрдүн катышуучулары өзгөчө кырдаалдар учурунда гендердик зомбулукка бөгөт коюу, чара көрүү жана өз ара аракеттенишуу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатышты.

Консультативдик кеңеш отурумуна КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, КР Ички иштер министрлиги, КРнын Улуттук статистика комитетинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен турган 30 адам катышты жана иш-чарага БУУнун Калк фонду техникалык колдоо көрсөттү.

Окутууну КР ӨКМне караштуу  ОИБнун Кошумча кесиптик даярдоо кафедрасынын улук окутуучулары улук лейтенант М. Имеров, капитан Д. Сарыбаев жана көз карандысыз гендердик эксперттер алып барышты.

сөздөр

Attachment Семинар (1).png

Кыргызстан менен АКШнын өзгөчө кырдаалдар тармагындагы кызматташтыгы боюнча семинар

тарабынан

     Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги АКШнын өкүлдөрү менен биргеликте өзгөчө кырдаалдар жаатында тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган семинар өткөрүүдө.

     Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн адистери өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу маселелерин талкуулап, аларды башкаруунун алдыңкы методикалары менен бөлүшүшүүдө. Негизги темалардын бири – табигый жана техногендик кырсыктарга жооп кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуучу заманбап технологияларды киргизүү.

     Семинар ошондой эле бул тармакта өлкөлөр ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө багытталган. КР ӨКМнин  Окуу-изилдөө борборунун кызматкерлери бул семинарга катышышты.

сөздөр

Attachment Семинар.png

Күзгү ишембилик

тарабынан

21-сентябрда Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Окуу-изилдөө борборунда күзгү ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү. Борбордун кызматкерлери жана ыктыярчылар төмөнкү иштерди аткарышты:

  • Аймактагы жалбырактарды жыйноо;
  • Таштандыларды чогултуп, алып чыгуу;
  • Бадалдарды жана бактарды бутоо;
  • Аймакты көрктөндүрүү боюнча башка иштер.

Ишембилик достук жана позитивдүү маанайда өттү. Бардык катышуучулар айлана-чөйрөнүн тазалыгына өз салымын кошушту. 

Бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана жардамдары үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!

сөздөр

Attachment субботник.png
Older topics...