Главные новости и объявления

Жарандык коргонуу жаатындагы окууту иш-чаралар

Жарандык коргонуу жаатындагы окууту иш-чаралар

тарабынан
Number of replies: 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2021-жылга комплекттөө Планынын негизинде 4-август күнү Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын бащчылары менен “Google Meet” программасы аркылуу онлайн тартипте окуулар өткөрүлдү.

 

Кыргыз Республикасындагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана коронавирустук инфекциянын коркунучу жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу максатында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо үчүн толук жана ишенимдүү кабыл алуу үчүн коронавирустук инфекция жана пневмония жөнүндө маалымат жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тартылган.

Мындан тышкары, Жарандык коргонуунун тутуму боюнча окуу сабагын өткөрүү тажрыйба алмашуу жана көйгөйлүү маселелерди сабак учурунда талкулоо болуп саналат.

Окууга 101 кызматкер катышты.

Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору 2020-жылдын 29-майынан тартып түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бардык окутуу иш-чараларды дистанциондук ыкма менен жүргүзүп келет.

2021-жылдын 7 ай ичинде, Борбор тараптан 5 752 адам окутулду.

сөздөр