Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү күнүнө арналган иш чарага ылайык, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунда мугалим, врачтар жана кызматкерлер тартылган практикалык жана теориялык окуулар Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча өткөрүлдү. Аталган иш чараны борбордун мугалимдери майор М.Джумабеков жана подполковник М.Шерматов уюштуруп өткөрүштү.