«Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча катчылыктын» (СРБ) КР ӨКМне арналган иш-чаралар планынын негизинде, КР ӨКМне караштуу Окуу-илимий борбору «ЦИТО» Коомдук фонду менен биргеликте И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуу өткөрдү. Иш-чаранын алкагында жарандык коргонуу боюнча лекциялар, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелери, өрт коопсуздугу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча сабактар уюштурулду.
Окутуулардын негизги максаты – студенттердин коопсуздук эрежелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарда туура аракет кылууга даярдоо болду.