Главные новости и объявления

"Өзгөчө кырдаалда аялдар жана балдарды зомбулуктан коргоо"

"Өзгөчө кырдаалда аялдар жана балдарды зомбулуктан коргоо"

тарабынан
Number of replies: 0

2024-жылдын 23-сетябрынан 24-сентябрына чейин Ош шаарында, 26-сентябрынан 27-сентябрына чейин Бишкек шаарында  КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан демилгеленген "Өзгөчө кырдаал шарттарында аялдарга жана балдарга карата зомбулук тобокелдиктерин азайтуу боюнча мыйзамдар, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана минималдуу стандарттар" темасында консультативдик кеңештин отуруму өтулдү.

            Консультативдик кеңештик отурумунда өзгөчө кырдаалдарда гендердик зомбулукту алдын алууда өз ара аракеттенүүнүн тартибине тийиштүү КРнын Жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарына, токтомдоруна, ченемдик-укуктук актыларына ылайык Жарандык коргонуу тутумуна кирген түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү, минималдуу стандарттар боюнча билимдер берилип, тажрыйба алмашуулар орун алды.

Ошондой эле минималдуу стандарттарды колдонуу менен  ар кандай топтордун керектөөлөрүн эске алуу ыкмаларын өстүрүү практикумдары уюштурулду. Жыйынтыгында бардык аталган түзүмдөрдүн катышуучулары өзгөчө кырдаалдар учурунда гендердик зомбулукка бөгөт коюу, чара көрүү жана өз ара аракеттенишуу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатышты.

Консультативдик кеңеш отурумуна КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, КР Ички иштер министрлиги, КРнын Улуттук статистика комитетинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен турган 30 адам катышты жана иш-чарага БУУнун Калк фонду техникалык колдоо көрсөттү.

Окутууну КР ӨКМне караштуу  ОИБнун Кошумча кесиптик даярдоо кафедрасынын улук окутуучулары улук лейтенант М. Имеров, капитан Д. Сарыбаев жана көз карандысыз гендердик эксперттер алып барышты.

сөздөр

Attachment Семинар (1).png