Главные новости и объявления

«Кырсыктардын кесепеттерин жоюуну пландаштыруу» боюнча семинар өтүүдө.

«Кырсыктардын кесепеттерин жоюуну пландаштыруу» боюнча семинар өтүүдө.

тарабынан
Number of replies: 0

 

2024-жылдын 18-июнунан 21-июнуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ӨКМние караштуу Окуу-изилдөө  борборунда КР ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн кырсыктардын кесепеттерин жоюуну пландаштыруу боюнча семинар өткөрүлүүдө. Иш-чара АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Аскердик кызматташтык бөлүмү тарабынан АКШнын армиясына жарандык колдоо компонентинин (CMSE) колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чарада гуманитардык жардам көрсөтүү жана кырсыктын кесепеттерин жоюу маселелери талкуланууда.

Аскердик Жарандык колдоо компоненти (CMSE) тиешелүү темаларды талкуулоо жана өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу жана башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн эксперттерди жана ресурстарды берүү аркылуу семинарга көмөктөшөт.

Бул иш-чара Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатында кызматташууну чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Семинарга катышуу КР ӨКМдин кызматкерлеринин табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жаатындагы   билимдерин жогорулатат, бул өз кезегинде министрликтин иш-аракеттеринин даярдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө. 

сөздөр

Attachment Семинар США.png