Главные новости и объявления

Кондитердик ОсОО «Кондитерский Дом «Куликовский» ишканасында сабактар өткөрүлүүдө.

Кондитердик ОсОО «Кондитерский Дом «Куликовский» ишканасында сабактар өткөрүлүүдө.

тарабынан
Number of replies: 0

Бүгүн 10-июнь 2024-жылы ОсОО «Кондитерский Дом «Куликовский» ишканасында  КР ӨКМ караштуу Окуу-изилдөө борборунун кошумча кесиптик даярдоо кафедрасынын мугалимдери төмөнкү темалар боюнча сабактарды өтүштү:
1. Өрт коопсуздугу:

  • Ишкананын өрт коопсуздугунун эрежелери менен тааныштыруу.
  • Өрт чыккан учурдагы аракеттерге үйрөтүү.
  • Өрт өчүрүүчү каражаттардын жайгашкан жерлери жана колдонулушу менен тааныштыруу.

Жарандык коргонуу:

  • Жарандык коргонуу боюнча негизги принциптер жана милдеттер менен тааныштыруу.
  • Эскертүү сигналдары жана аларды алган учурдагы аракеттер менен тааныштыруу.
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонууну үйрөтүү.

Жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү:

  • Биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздери менен тааныштыруу.
  • Жүрөк-өпкө реанимациясынын (ЖӨР) ыкмаларына үйрөтүү.
  • Ар кандай жаракаттар жана абалдар (кан агуу, күйүк, эс-учун жоготуу ж.б.) боюнча жардам көрсөтүүгө үйрөтүү.

Бул сабактар кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга, коопсуздукту камсыз кылуу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган.

 

сөздөр

Attachment Куликов.png