Главные новости и объявления

Борбордун кызматкерлери реабилитациялык борборго барышты.

Борбордун кызматкерлери реабилитациялык борборго барышты.

тарабынан
Number of replies: 0

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунун кызматкерлери Чүй облустук «Максат» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр реабилитациялык борборуна барышты. Сапардын жүрүшүндө балдарга түрдүү ашкана буюмдары, анын ичинде идиш-аяк жана башка керектүү ашкана буюмдары берилди.  Окуу-изилдөө борборунун жетекчисинин  орун басары, подполковник Ибраимов Ильяс Оруналыевич  балдарды майрамы менен куттуктап, келечек ээлерине ден-соолук, бактылуу балалык каалады. Биз аларга кам көрүп, кыйын учурда жардам беришибиз керек. Бул жердеги ар бир бала көңүл бурууга муктаж. Кызматкерлер балдарга белектерин берип, кызыктуу концертке катышты. Борбор тарабынан балдар реабилитациялык борборуна жыл сайын материалдык жардам көрсөтүлүп, ар бир майрамдарда белектер тапшырылып келет.

сөздөр

Attachment 1 июня .png