Борбордун кызматкерлери “Run the Silk Road-Шанхай Кызматташтык Уюму” эл аралык марафонуна катышты.
4-майда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) “Run the Silk Road-Шанхай Кызматташтык Уюму” ШКУнун эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү.
Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүүдө. Ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты.
Марафондун максаты - сергек жашоого үндөө жана калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу. 42 километр аралыкка старт сызыгына 3 минден ашык адам чыкты;
XXII Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган эл аралык марафонду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачты.