КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНЕ
КАРАШТУУ ОКУУ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ
Биз жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы №19 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору КРнын ӨКМнин Жарандык коргонуу Республикалык курстарынын базасында түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу окуу-изилдөө борбору (мындан ары -Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуунун жетектөөчү, командачы-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдар коркунучу жана пайда болуу шарттарында аракет көрүүгө окутуу жана даярдоо боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүү, жергиликтүү калкты өзгөчө кырдаалдан иш-аракетке даярдоону жана окутууну уюштуруу боюнча ведомстволук бөлүгү болуп саналат.
Борбор өз ишин «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу окуу-методикалык борбору жөнүндө» Жобо, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жүзөгө ашырат.
Билим берүү ишмердүүлүгүн «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат жана Борбор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган.
Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу багыттары боюнча кесипкөйлөрдү даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу процессин ийгиликтүү жана толук кандуу жүргүзүүгө Борбордо окуу жана методикалык база түзүлгөн. Борбор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүндө практикалык иш тажрыйбасы бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын окуу жайларында педагогикалык тажрыйбасы бар жана төмөнкү чет өлкөлүк мыкты ЖОЖдордо жогорку билим алган адистер жана окутуучулар менен толукталган:
- Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясы;
- Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын академиясы.
Биздин Борбордун окутуучулары Кыргыз-Славян университетинин жана Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура колледжинин студенттерине жарандык коргонуу тармагында сабактарды жургүзөт.
Биз окутуунун жаңы заманбап формаларын, технологияларын, каражаттарын жана ыкмаларын киргизүү аркылуу студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча тынымсыз иштерди алып барабыз, ошондой эле бүгүнкү күндө дистанттык окутуу системасы киргизүү менен угуучуларга билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатабыз.
Борбор төмөнкүлөр боюнча иш алып барат:
• адистерди окутуу, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жана тынчтык жана согуш мезгилинде жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.
• ата мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар, ошондой эле башка өлкөлөрдүн ведомстволук окуу борборлору менен кызматташуу аркылуу Борбордун потенциалын жана статусун жогорулатуу;
- аймактык жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине катышуу, анын ичинде жеткиликтүү билим берүү контентин алмашуу жана толук пайдалануу;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү;
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;
- Жарандык коргонуу жаатындагы иштерди өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Жарандык коргонууну уюштурууда жана жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын калкын аракеттенүүгө үйрөтүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле Жарандык коргонуу жааатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын адистештирилген кафедралары жана чет элдик окуу жайлары менен тыгыз байланыштын негизинде биргелешип бирдиктүү окуу пландарын жана атайын окуу дисцеплиналарды иштеп чыгуу;
- педагогикалык жамааттын окуу-методикалык ишин өркүндөтүү;
- педагогикалык жамааттын, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, угуучулардын жана студенттердин биргелешкен ишмердүүлүгү аркылуу фундаменталдык жана прикладдык илимдерди өнүктүрүү, алынган натыйжаларды окуу процессинде пайдалануу.
Эл аралык кызматташуунун алкагында КР ӨКМне караштуу окуу-изилдөө борбору жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу тармагында төмөнкү алдыңкы ЖОЖдор жана эл аралык уюмдар менен билим берүү жана илимий иштер боюнча тыгыз байланышта:
- жарандык коргонуу тармагында курсанттарды жана угуучуларды даярдоо боюнча Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясы;
- өрт коопсуздугу жаатында угуучуларды даярдоо максатында Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын академиясы;
- өрт коопсуздугу боюнча курсанттарды даярдоодо Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Санкт-Петербург мамлекеттик өрткө каршы кызматынын университети;
- Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин М.Габдуллин атындагы Жарандык коргонуу академиясы;
- KOICA Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык Кызматташтык уюму;
- Кыргыз Республикасындагы Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Программалык кеңсеси;
-ЮНИСЕФ (ЮНИСЕФ Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду) жана башка эл аралык уюмдар окутуу жана пропагандалоо үчүн жооптуу.
Борбор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар:
- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча калкты окутуу;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарын даярдоо;
- Жарандык коргонуу күчтөрүн даярдоо жана кайра даярдоо;
- «Өрт-техникалык минимум» жана «Жарандык коргонуу» боюнча акы төлөнүүчү окуулар.
Окуу борборунун иш-чараларын уюштуруу
Окуу төмөнкү пландарга жана окуу программаларга ылайык жүргүзүлөт:
- Борбордун бир жылга карата комплектөө планы.
Комплетөө планына ылайык жарандык коргонуунун башчылары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана Жарандык коргонуу кызматынын кызмат адамдары окутулат;
- Окуу жылына карата көчмө сабактардын планы. Көчмө сабактардын планына ылайык, Борбордун мугалимдери Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарына барып жашоочуларга сабактарды өткөрүшөт;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүн жылдык окутуу планы. Өрт-куткаруу бөлүктөрүн окутуу планына ылайык Өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамы баштапкы окуудан өткөрүлөт.
Жогорудагы пландардан тышкары мекеме, ишканалардын кызматкерлери жана жеке адамдар кайрылуусунун негизинде окутулат.
Окутуулар мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.
Окуунун мөөнөтү окуу планы менен аныкталат.
Борбордун окуу процессин тийиштүү деңгээлде алып баруу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка министрликтердин, ведомстволордун адистери окууга тартылат.
Борбордо окуудан жана кайра даярдоодон өткөн угуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификат ыйгарылат.