КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо Борборунун түзүмү

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуунун жетектөөчү, командачы-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, жергиликтүү каякты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин өзгөчө кырдаалдан иш-аракетке даярдоону жана окутууну уюштуруу боюнча ведомстволук бөлүгү болуп саналат.

  Туруктуу курамдын комплектелиши

Борбор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тийиштүү тажрыйбасы жана практикалык иш стажы бар аскер кызматчыларнан жана кызматчылар менен толукталат. Окутуучулук курам өзүнө кафедра башчысын, кафедранын начальнигинин орун басарын, улук окутуучу жана окутуучуну камтыйт, андан сырткары: Борбордун жетекчиси, жетекчинин орун басары, окуу-методикалык бөлүктүн жетекчиси, улук офицерлер, офицерлер кирет.

Биздин түзүмү

1.     Жетекчи

2.     Жетекчинин орунбасары

3.     Окуу-методикалык  бөлүмү

  • окуу процессин уюштуруу;
  • окуу процессин пландаштыруу;
  • окуу процессин контролдоо жана координациялоо;
  • окуудан өтүшкөн жана пландаштырган угуучуларды эсепке алуу жана отчеттуулук.

 

Биздин кафедралар

1.     Жарандык коргоо кафедрасы

  • ”табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана келип чыкканда”тематикасы боюнча республиканын бардык регионунун калкы менен окууларды өткөрүү.
  • Жарандык коргонуу жаатындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
  • республиканын потенциалдуу кооптуу участокторунда жашаган калк менен сабактарды өткөрүүнү уюштуруу;
  • студенттерди "өзгөчө кырдаалдарда коргоо" жана "өрт коопсуздугу" адистиктери боюнча кесиптик билимге ээ болууга, кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткарууну билүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларынын/ЖОЖдорунун профессордук-окутуучу курамы менен Жарандык коргонуу тармагында түздөн-түз иш жүргүзүү.
  • Жарандык коргонуу жаатындагы билимдерди пропагандалоо;
  • жашоо тиричиликтин коопсуздугу жана өрт коопсуздугу жаатындагы сабактарды жана

2.     Турмуш-тиричилик коопсуздук кафедрасы

  • студенттерди "өзгөчө кырдаалдарда коргоо" жана "өрт коопсуздугу" адистиктери боюнча кесиптик билимге ээ болууга, кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткарууну билүүгө көмөк көрсөтүү;
  • "Техносфералык коопсуздук" жана "өрт коопсуздугу"даярдоо багыттары боюнча окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын/атайын орто окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамы менен түздөн-түз иш жүргүзүү;
  • жашоо-тиричиликтин коопсуздугу жана өрт коопсуздугу тармагында окуу-методикалык колдонмолорду, буклеттерди, эскертмелерди иштеп чыгуу;
  • жашоо-тиричилик коопсуздук негиздери жөнүндө окутуу.

3.     Жарандык коргоонуу жаатындагы изилдөө кафедрасы

  • Калкты жана аймактарды табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча көйгөйлөрдү  иликтөө, оперативдүү-стратегиялык, экономикалык талдоонун негизинде Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасында (ЖКМС) багыттарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
  • Жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды талдоо, сунуштарды даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуунун актуалдуу маселелери боюнча университеттин адистештирилген кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
  • Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
  • Стратегиялык пландардын аткарылышы үчүн  камсыз кылуу эксперттер менен ар кандай мүнөздөгү иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
  • Чет мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардан коргоо системасын талап  Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусун жана калкты коргоо боюнча  өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо боюнча сунуш киргизүү

4.     Өрт коопсуздук кафедрасы

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары менен, анын ичинде башка мамлекеттердин окуу жайлары менен тыгыз өз ара аракеттенүү жана атайын сабактардын бирдиктүү окуу пландарын жана программаларын биргелешип иштеп чыгуу;
  • өрт коопсуздугунун негиздерин окутуу;
  • өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерди пропагандалоо;
  • Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен бирдикте "өрт коопсуздугу" багыты боюнча кадрларды даярдоо.

5.     Аймактык кафедрасы

  • “табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу туулганда жана келип чыкканда” тематикасы боюнча республиканын түштүк регионунун калкы менен окууларды өткөрүү.
  • КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн өрт-куткаруу кызматтарынын өздүк курамынын кызматкерлерин алгачкы даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
  • орто жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелерде Жарандык Коргонуу жана Турмуш-Тиричилик коопсуздугу жөнүндө сабактарды өткөрүү боюнча программаны иштеп чыгуу боюнча шаарлардын жана райондордун элдик билим берүү бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү.
  • Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматтарынын жеке курамынын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин, экономикалык обьекттердин жетекчилерин даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле өрт коопсуздугу кызматынын өздүк курамынын кадрларын кесиптик даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларынын/жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамы менен Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында түздөн-түз иш жүргүзүү;
  • Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерди пропагандалоо;
  • жашоо тиричиликтин коопсуздугу жана өрт коопсуздугу жаатындагы сабактарды жана семинарларды өткөрүү;
  • Жарандык коргонууну жүргүзүүнү уюштуруунун негиздерине үйрөтүү;
  • авариялык калыбына келтирүү иштери боюнча окутуу.

 

Борбордо окутуу үчүн бардык шарттар бар.

  • КР ӨКМдин аймактык бөлүмдөрү менен онлайн режиминде видео байланыш жүргүзүү үчүн орнотулган системасы бар, 60 адамга чейинки жалпы сыйымдуулуктагы конференц-зал.
  • Медициналык жана химиялык коргонуу, калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүү боюнча пландаштыруу класстары.
  • ошондой эле 1-кабатта турган китепкана, мейманкана (үч жана төрт кишилик номерлери, жалпы сыйымдуулугу 11 киши) жана ашкана сыйымдуулугу 35 адамга чейин эсептелген.

Республиканын потенциалдуу кооптуу участокторунда жашаган калк менен көчмө сабактарды Борбордун окутуучулук курамы талаа шарттарында сабактарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү мобилдик-окуу модуляциясы (алып жүрүүчү проектор, ноутбук, көчүрүүчү экран, колонкалар, Фотоаппараттар, Видеокамералар) менен жабдылган.