Борбордун укуктары

Иштин белгиленген чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:

- белгиленген үлгүдөгү окуу сертификаттарын жана/же күбөлүктөрүн белгиленген тартипте берүүгө;

- Борбордун илимий-изилдөө жана окуу-методикалык ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты уюмдардан суроого жана алууга;

- илимий-изилдөө эмгектерин, окуу-методикалык колдонмолорду, брошюраларды, окуу китептерин чыгарууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун бөлмөлөрүн жана техникалык жабдууларын конференцияларды, семинарларды, жыйналыштарды жана тегерек столдорду өткөрүү үчүн берүүгө, ошондой эле кампалардын жана бокстордун имараттарын жеке жана юридикалык жактарга ижарага берүүгө;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча Жарандык коргонуу жаатында башка мамлекеттердин жогорку кесиптик окуу жайлары менен кызматташууну ишке ашырууга, угуучуларды окутууга жана Борбордун окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатууга;

- окуп жаткандарды тарбиялоонун жана окутуунун каражаттарын жана методдорун, окуу сабактарын өткөрүүнүн формасын өз алдынча аныктоого;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган укуктарды колдонууга;

- Борбордун ишине зарыл болгон материалдарды Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнөн алууга;

- башка жогорку кесиптик окуу жайларынан тартылган окутуучулардын эмгегине акы төлөө фондуна ээ болууга. Окутуучуларга эмгек акы төлөө аяктаган окуу жүктөмүнүн көлөмүнө жараша белгиленген тартипте аныкталат;

- окутуу/даярдоо процессин тиешелүү илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде Борбордун программаларына ылайык, саатына эмгек акы төлөө аркылуу камсыз кылуу үчүн профессордук-окутуучу жана көмөкчү педагогикалык курамды тартууга.

Борбор белгиленген иш чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактар менен келишимдер боюнча, анын ичинде акы төлөө негизинде (мыйзамдарда караган учурларда) иштин төмөнкүдөй жана башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу:

- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында ар кандай адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан кайра даярдоо үчүн кызматкерлердин жана уюмдардын ар кандай категорияларын окутуу үчүн окутуу программаларын жана окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу;

- уюмдарда (анын ичинде чет өлкөлүк) эмгектенген же кызматтык иш жүргүзгөн адамдарды Жарандык коргонуу, өрт жана өнөр жай коопсуздугу жаатында кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу;

- продукциялардын, буюмдардын, заттардын жана материалдардын өрт коопсуздугунун, өнөр жай коопсуздугунун белгиленген талаптарына жана эмгекти коргоонун талаптарына шайкештигине изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү;

- коргоо объекттеринин (анын ичинде оттон корголгон конструкциялардын, буюмдардын жана материалдардын) өрт коопсуздугунун талаптарына жана (же) техникалык шарттарга шайкештигин баалоо боюнча иштерди жүргүзүү;

- Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик- техникалык, илимий-методикалык жана уюштуруу-укуктук, ченемдик укуктук актыларды жана документтерди иштеп чыгууга катышуу;

- өрт жана өнөр жай коопсуздугу жаатында илимий-техникалык консультация берүү;

- белгиленген тармакта продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, сапат менеджментинин системасын сертификациялоо;

- Борбордун компетенциясынын чегинде өрт-техникалык экспертизаларды жана өрт жөнүндө иштер боюнча эксперттик изилдөөлөрдү, ошондой эле башка экспертизаларды жана изилдөөлөрдү аткаруу;

- Министрликтин ишинин белгиленген тармагында илимий-техникалык адабияттарды, окуу-методикалык колдонмолорду, ченемдик, маалыматтык-статистикалык материалдарды жана башка басма продукцияларын даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу;

- өрт коопсуздугу жаатындагы адистерди (эксперттерди) аттестациялоо боюнча, анын ичинде продукциянын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча ведомстволук жана ведомстволор аралык комиссиялардын ишин уюштурууга катышуу, продукциянын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча адис (эксперт) катары аттестациялоого талапкер билдирүүчүлөр үчүн квалификациялык экзамендерди өткөрүү.

Борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алат.

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр Борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген баалар боюнча көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды, күбөлүктөрдү же сертификаттарды алуу талап кылынган иштин бардык түрлөрү Борбор тарабынан көрсөтүлгөн документтер болгондо гана жүзөгө ашырылат.

Борбор тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу иштин негизги түрлөрүнүн ордуна же ага зыян келтире албайт.