Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы №19 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору болуп өзгөртүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, анын ишинин предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин компетенциясынын чегинде Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатындагы окутуу, илимий-изилдөө иши эсептелет.

Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Борбор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун укук улантуучусу болуп эсептелет.

Борбор аскердик мекеме болуп саналат, жогорку жана орто кесиптик билими, Министрликте практикалык иш стажы бар аскер кызматчылары жана кызматчылар менен комплекттелет.

Окутуучулук курам өзүнө кафедра башчысын, кафедранын начальнигинин орун басарын, улук окутуучу жана окутуучуну камтыйт, андан сырткары: Борбордун жетекчиси, жетекчинин орун басары, окуу-методикалык башкармалыгын жетекчиси, улук офицерлер, офицерлер кирет.

Биздин кафедралар:

Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо кафедрасы;

Өрт коопсуздугу боюнча адистерди даярдоо кафедрасы;

Кошумча кесиптик даярдоо кафедрасы.

Борбор юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы, штампы, эмблемасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.

Борбордун юридикалык дареги: 724319, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер шаарчасы.

Борбордун толук аталышы:

мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору";

расмий тилде: "Учебно-исследовательский центр при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "ОИБ";

- расмий тилде: "УИЦ".